Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды

29 декабря 2020 Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды

Кечээ кайгуул кызматкерлери жолдун ортосунда эки киши урушуп жаткандыгын көрүшкөн. Бири экинчисин коркутканы үчүн суралып жатат.

Бишкекте жол талашкан айдоочуну курал менен коркутуп жаткан киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 28-декабрда, болжол менен саат 12:00дөр чамасында Айтматов көчөсүндө болгон. Анда милициянын кайгуул кызматкерлери жолдун ортосунда эки киши урушуп жаткандыгын көрүшкөн.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА УПСМ

Бишкекте жол талашкан айдоочуну курал менен коркутуп жаткан киши кармалды

"Айдоочулар жол талашып урушуп, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон. Милиционерлер экөөнүн урушун токтотуп, курал кармап жүргөн 24 жаштагы баланы кармап, Ленин РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Ленин райондук ИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20201229/1050933727/bishkek-ajdoochu-kural-korkutuu-karmoo.html