Министрликтин кызматкерлери баасы негизсиз жогорулатылганын билип туруп жеке компаниянын кызматтарын колдонушкан.
Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке бир миллион доллардан ашык зыян келтиргенин аныктады. Бул туурасында көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда министрликтин айрым кызмат адамдары иш абалынан кыянаттык менен пайдаланганы ачыкталган.
"2014-2019-жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтар тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөстөн жогору суммада негизсиз сатып алынган. Тендердин жыйынтыгында "D.&T." ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 долларга келишим түзүлгөн. Анын негизинде аталган компанияга 63 миллион 804 432 сом которулуп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 322-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен КЖБРге катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү тийиштүү тергөө органдарына тапшырылды.