28 декабря 2020
Татарстанда эркек киши мурунку аялынын башка адамга турмушка чыгарын билип, аны өлтүрүп кетти.
Бул тууралуу Орусиянын тергөө комитетинин Татарстан Тергөө башкармалыгынын башчысынын улук жардамчысы Андрей Шептыцкий билдирди.
Анын айтымында, 38 жаштагы Казан шаарынын жашоочусу өзүнүн мурунку аялынын үлпөт тою тууралуу билип, анын үйүнө барат. Аны уруп-согуп, балкондо муунтуп өлтүрөт.
Ажырашкандан кийин алар мамиледе болгон эмес. Экөө өз-өзүнчө жашап келишкен.
Аталган фактынын негизинде “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда эркек киши кармалып, ал өз күнөөсүн мойнуна алган.