Чүй милициясы дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кызды издеп жатат. Сүрөттөр

24 декабря 2020 Чүй милициясы дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кызды издеп жатат. Сүрөттөр

Дайыны чыкпай жаткан кыз үйдөн чыгып кеткенде кара курткачан, кара түстөгү жынсы шымчан болгон. Бутунда кара түстөгү уги кийген.

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Медина Жумагазиеваны издөөгө алат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ал 22-декабрда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 159 сантиметр, орто бойлуу, чачы узун, кара түстө, кой көз, бети тегерек, сепкилдери бар.

Ал үйдөн чыгып кеткенде кара түстөгү курткачан, кара түстөгү жынсы шымчан болгон. Бутуна кара түстөгү уги кийген.

Милиция бул кыз боюнча кандайдыр бир маалымат билген жарандарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 61 69 07, 0703 17 17 75 (издөө тобу).

sputnik