Депутат Матраимовдун үйлөрүн чекисттерге эмес, жетим балдарга берүүнү сунуштады

24 декабря 2020 Депутат Матраимовдун үйлөрүн чекисттерге эмес, жетим балдарга берүүнү сунуштады

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 1,4 миллиард сом накталай, 600 миллион сомуна бир соода борбору менен тогуз батирин өткөрүп берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева Райым Матраимовдон алынган үйлөрдү кризистик борборлорго, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүүнү сунуштады.

Учурда парламенттин жалпы жыйынында "Үй-бүлөлүк зомбулуктан күзөттөө жана коргоо жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

"Райым Матраимовдон алынган батирлер эмнеге УКМКнын кызматкерлерине берилиши керек? Мен аны балдар үйүнөн чыккандарга жана кризистик борборлорго берүүнү сунуштайм", — деди Бешимбаева.

Ага социалдык блокту тескеген вице-премьер Эльвира Сурабалдиева УКМК ушундай чечим чыгарса туура болмок деген пикирин билдирди.

"Бизде УКМКнын чечимине таасир эте алгандай мүмкүнчүлүк жок эмеспи. Балким, депутаттар кайрылса алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк болмок. Эгер берип калса кубануу менен балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө бөлүп бермекпиз. Азыр иш тергөөдө турат. Бизди угуп жаткан УКМК кызматкерлери бул тууралуу ойлонуп көрсө керек деп ойлойм", — деди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райым Матраимов 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп бергенин айткан. Анын сегизин УКМК кызматкерлерине калтыруу чечими кабыл алынган.

sputnik