8-январь дем алыш деп белгиленди. Себеби эмнеде

24 декабря 2020 8-январь дем алыш деп белгиленди. Себеби эмнеде

8-январь, жума күнү, дем алыш деп белгиленди. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

"Жарандар 10-январдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоого турган жерине барышы керек. Ал үчүн 8-январь жума күнү дем алыш деп белгиленди", — деди Новиков.

Белгилей кетсек, алгач январь айында 1 жана 7-январь (православдардын Рождество майрамы) гана дем алыш күндөр деп белгиленген. 8-январь иш күнү болчу.

Эске салсак, кыргызстандыктарга жашаган жеринен добуш берүүгө мүмкүндүк берген №2 формасы жоюлган.  Эми атайын уруксаты бар жарандардан тышкары, бардык кыргызстандыктар добуш берүү үчүн каттоодо турган аймакка барышы керек.

sputnik