Норма Компальо Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу-1960" сынагын уткан. Ал мындай титулду жеңип алган алгачкы аргентиналык айым болгон.
60 жыл мурда дүйнө сулуусу болгон аргентиналык Норма Компальону автобус сүзүп каза болду. Бул тууралуу Nacion маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.
Мурдагы дүйнө сулуусу Буэнос-Айресте өткөн бейшембиде дүкөнгө бара жатканда кырсыкка кабылган. Компальо светофордо жашыл жанып, жолдун уруксат берилген жеринен өтүп баратканда автобус сүзүп кеткен.
Аны ооруканага алып келишип, дарыгерлер айымдын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жасашкан. Кырсыктан беш күн өткөндөн кийин каза болгон.
Норма Компальо Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу-1960" конкурсун уткан. Ал мындай титулду жеңип алган алгачкы аргентиналык айым болгон. 21 жаштагы Компальо ошол кезде титулдан сырткары спорттук автоунаа жана ири суммадагы акчалай байге уткан.