23 декабря 2020
Баары сонун! Жайлуу төшөк, ыңгайлуу шейшеп, күңүрт жарык, сүйүктүү жар... Никелүү жуптардын бири-бирине болгон кумары да күйүп турат. Таттуу өбүшүү, ысык кучакташуу, эң жагымдуу жерине келгенде бир нерсе тоскоол болуп, баарынын “быт-чытын” чыгарат.
Кучактар ажырап, каалаган ырахатты ала албай калган денеде ысык кан туйлап кала берет. Бул адамдын маанайына таасир этпей койбосо керек. Демек, мындай учурдун да алдын алган туура. Ал эми ал кандай учурлар экенин карап көрөлү.
“ШЫҢГЫР-ШЫҢГЫР”
Тааныш үнбү? Ооба, бул телефонуңузга токтоосуз келип жаткан чалуулар. Мындай добуштун төшөктө такыр чыкпаганы жакшы. Жада калса, добушсуз режимге койсоңуз да жарыгы өчүп-күйүп алагды кылат. Албетте, шашылыш билдирүүнү күтпөсөңүз, анда жыныстык катнаш учурунда смартфонуңузду, телевизоруңузду, компьютериңизди же башка гаджеттериңизди өчүрүп койгонуңуз оң.
“ЫҢЫЫ-ЫҢАА”
Ооба, туура түшүндүңүз. Шарият боюнча да бала жыныстык катнаш учурунда бөлмөдө болбошу керек. Албетте, эмчек эмген наристенин энесинен бөлөк бөлмөдө жатышы ыңгайсыздык жаратат. Ошентсе да, никелүү жуптардын төшөк иштерине тоскоолдук жараткандардын бири бала экенин моюнга алыш керек.
КИНО
Кээде кумарды ойготуу үчүн түгөйлөр телевизордон атайын фильм көрүүнү туура көрүшөт. Бул да туура эмес. Ооба, фильм аркылуу кээде денени ойготууга болот. Бирок, чыныгы ырахатты, оргазмды сезүүгө абдан пайдалуу эмес. Муну менен катар, ал адатка айланып кетиши мүмкүн. Адамдын денеси ырахатты табигый жол менен эч бир мажбурлоосуз алышы керек. Кино көрөм деп чыныгы сезимге кедерги келтирүүнүн кажети жок.
ӨЗГӨЧӨ “ПОЗА”
Албетте, төшөк катнашында кайталанма кыймылдар тажатып жиберет. Ошентсе да, жаңы кыймылды колдонуп көрөм деп жакшы башталган катнашты бузуп алуу да опоңой. Ошондуктан, “поза өзгөртүүгө” жакшылап даярданыш керек.
ШАШЫЛЫШ ЖУМУШТАР
Жыныстык канташка дагы бир тоскоолдук келтирген учур – убакытты туура эмес тандоо. Эгер кечкисин смена алмаша турган болсоңуз, жумушка кетер убакка таяп калганда уктоочу бөлмөгө “ишти бүтүрүү үчүн” кирген да туура эмес. “Шашылыш бүткөн” иштин да көбүнчө аягы жакшы боло бербейт. Түгөйлөрдүн бири ырахат алып үлгүрүшү мүмкүн, бирок экинчисине ыңгайсыз болушу толук мүмкүн.