Россияга иштегени барам деген кыргызстандыктын чөнтөгүндө 40-60 миң сому болушу керек. Ансыз жетүү мүмкүн эмес.
Ушу тапта билет баасы качан арзандап, кошумча каттамдар качан ачылары белгисиз. Мындай жагдай чет жакта иштеп жан баккан мекендештерди чоң түйшүккө салууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги учурда Россияга баруунун жол акысы жана андан жаралган көйгөйлөргө баам салды.
Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү Кыргызстан менен авиакаттамдарын жарым-жартылай жандантты.
Анын ичинен кыргыз мигранттарынын басымдуу бөлүгү орун-очок алган Россия менен аптасына эки гана каттам аткарылууда. Кыргызстандыктар жума күнү Бишкектен "Аэрофлот" жана "Авиатраффик" компаниясынын самолеттору менен Москвага учуп жатат. Башка күндөрү чартердик рейстер менен россиялыктар, үй-бүлө мүчөсү Россия жараны болгондор, дарыланууга жана дипломатиялык сапарга бара алышат.
Билеттин кымбатына карабай кетем дегендер көп
Авиабилет сатуучу Айседеп Омарбек кызы мурда Москвага билеттин баасы 10 миң сомдун тегерегинде сатылса, азыр беш-алты эсеге чейин өскөнүн билдирди.
"Чартердик каттамдарга билет баасы 27 миң сомдон жогору. Бизнес-класстарга 70 миңден 180 миң сомго чейин алышууда. Анын арасында кандайдыр бир себептер менен учпай калып же баргандан кийин артка кайтарып акчасы күйүп кеткендер бар. Ал эми Кыргызстандын жарандарын ташыган каттамдарга бир билеттин баасы 65 миң сомго чыкты. Бир-эки ай мурун алса 40 миң сомдун тегерегинде болот. Бул учактар Бишкектен Москвага гана учат. Азыр 30 миң сомдук билет арзан деп саналып калды. Пандемияга чейин 10-15 миң сом эле болчу. Ошого карабай сатып алгандар көп. Ал эми акчасы жетпей кете албай жүргөндөр андан да көп", — деди авиакасса кызматкери.
Ошол эле учурда ал Түркиянын Стамбул, Анталья шаарларына билет баасы 12-15 миң сомдун айланасында болуп жатканын кошумчалады.
Жумушум даяр, өзүм жете албай жатам
Мекендешибиз Изиля Кыдырова Россияга кетүү машакаты көбөйгөнү карапайым элди кыйынчылыкка кептегенин белгилейт. Ал Бишкекте иши жүрүшпөй, Москвадан жумуш тапкан. Деген менен ал жакка жете албай отурат.
"Бир жолу билет баасын сурасам 42 миң, кийин 49 миң сом деди. Кээ бирлери дарыланууга келет деген медициналык чакыруу жасатып кетип жатыптыр. Бул Москвага жетүүнүн бир жолу дешти. Мен аны кантип жасатам, ага деле акча сурайт да. Өзүм Бишкекте тигүү цехинде иштейм, азыр сезон жок, айына ашып баратса 15-18 миң сом табам, баскан-тургандан ашпайт. Москвада тигүү цехинде айына орточо 50 миң сом тапса болот. Учурда тааныштарым иштеп жатат. Кыргыздардын көбү Россияда иштеп жан бакчу элек да. Билеттердин кымбатташы карапайым элге өтө эле кыйын болууда", — деди Кыдырова.
Айдоочуга шерик болуп кетүү 40 миң сом
Ал эми Бабуржан Шакиржан уулу билетке акчасы жетпей, жүк ташуучу унаанын айдоочуларына шерик болуп кетүүгө аракет кылып жатканын айтты.
"Мен Базар-Коргондо жазында пахта, күрүч эгип, мал кармап тиричилик кылам. Кышында бекерчиликте иштеп келейин дегем. Москвага билет сурасам 62 миң сом деди. Негиздеме болсо январга 27 миң сомго бар экен, аны ала албайм да. Айдоочулук күбөлүгүм бар, жүк ташуучуларга шерик болуп кетүүнү караштырып жатам. Алар дагы 40 миң сом жол кире сурашты. Бирөөдөн карыз сурап жетип алсам, иштеп айлыктан берет окшойм. Ал жакта кошунам бут кийим чыгарган заводдо иштейт, "жумуш бар, маянасы 50 миң рубль" деп чакырууда", — деди Шакиржан уулу.
Билет баасы канткенде арзандайт?
"Эйр Манас" компаниясынын өкүлү Данияр Арынов да бардык чек аралар ачылганда гана баа мурдагы калыбына кайтарын буга чейинки берген маегинде билдирген.
"Баалар пандемияга чейинки калыбына келиши үчүн бардык нерсе мурдагыдай болушу шарт. Авиакомпаниялардын сунушу суроо-талапка жооп бериши керек. Кырдаал турукташып, бир нукка түшүп, компаниялар жүргүнчү үчүн бири-бири менен атаандаша баштаганда гана билеттин баасы түшөт", — деп айткан Арынов.
Кыргыз бийлигинин аракети
Октябрдан кийин алмашкан кыргыз бийлиги аба каттамдарын жандантуу боюнча Россияга улам-улам кайрылып жатканы маалым, бирок эл анын натыйжасын көрө элек.
Алсак, 23-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада кесиптеши Сергей Лавров менен жолукканда эпидемиологиялык кырдаалга жараша туруктуу аба каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирген.
Андан соң 11-ноябрда биринчи вице-премьер Артем Новиков дагы барып, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен кездешкен. Анда ал Россия тараптан авиакаттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранган.
Жакында эле 7-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Россияга иш сапары менен барып, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Тараптар аба каттамдарды жандантуу, чек ара кызматтарынын иши боюнча механизмдерди карап чыгуу жана эмгек мигранттары боюнча көйгөйлөрдү жөнгө салуу сыяктуу маселелерди талкуулашкан.
Жарандык авиация агенттиги: жооп күтүп жатабыз
Кыргызстандагы аба кемелеринин ишин тескеген Жарандык авиация агенттиги Россия тараптан азырынча алгылыктуу жооп келбей жатканын айтууда.
"Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги аркылуу кат жөнөтүп жатабыз. Өзүбүз Росавиация агенттигине дагы жазганбыз. Жок дегенде жумасына Бишкектен кошумча дагы эки, Оштон бир каттам ачууну, андан соң толугу менен жандандырууну сураганбыз. Акыркы жооп эки жума мурун келип "эпидемиологиялык кырдаалга жараша каттамдарды жандандырууну карап көрөбүз" деп жазган. Так кесе эч нерсе айтылган эмес", — деп билдиришти агенттиктен.
Ал эми билет баасын төмөндөтүү маселесине аралашууга агенттик укугу жок экенин айтты.
"Биз коммерциялык маселелерге кийлигишпейбиз. Биздеги маалымат боюнча эң жогорку тариф 65 миң сомго жетип жатат, 20-25 миң сомдон башталат. Кыргызстандын "Авиатраффик" авиакомпаниясынын билеттери 17 миң сомдон башталат. Ал эми Россия өкмөтү негиздеме менен кетип жаткан жарандардын документин текшерүү жоопкерчилигин авиакомпанияларга жүктөп койду. Ошондуктан алар бул жакта аэропорттон текшерип, анан өткөрүшөт", — деп маалымдады Жарандык авиация агенттиги.
Ошондой эле ал Россияда кыргызстандыктардын кирүүсүнө дагы деле чектөөлөр бар экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга эл аралык аэропорттордун өткөрмө пунктулары аркылуу келген чет өлкөлүктөрдү киргизүүгө уруксат берилген.