Кыргызстан кайсы өлкөлөргө колдонулган буюмдарды экспорттойт

22 декабря 2020 Кыргызстан кайсы өлкөлөргө колдонулган буюмдарды экспорттойт

Жалпы жонунан 23,7 тонна эски кийимдер менен буюмдар сатылган. Товардын жалпы баасы 18,4 миң долларга бааланды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан 23,7 тонна кийим жана башка колдонулган буюмдарды экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматта буюмдарга эмнелер кирери көрсөтүлгөн эмес. Товардын жалпы баасы 18,4 миң долларга бааланды.

Эски кийимдер менен буюмдар кайсы өлкөлөргө сатылган:

Бельгия — 0,7;

Канада — 2,1;

Казакстан — 0,1;

Түштүк Корея — 0,1;

Литва — 1;

Пакистан — 0,1;

Россия — 18;

Швейцария — 0,3;

Улуу Британия — 0,3;

АКШ — 0,7;

Өзбекстан — 0,3.

Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 9,6 тонна буюм 19,1 миң долларга сатылган.

sputnik