Мен сага суктанам, Лионель! Пеле өз рекордуна жеткен Мессини куттуктады

21 декабря 2020 Мен сага суктанам, Лионель! Пеле өз рекордуна жеткен Мессини куттуктады

Пеле Мессинин бүтүндөй карьерасында бир клуб үчүн ойноп, ага берилгендигин жогору баалай турганын билдирген.

Футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бразилиялык Пеле өзүнүн бомбардирлик рекордун кайталаган "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессини куттуктады. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялаганын Р-Спорт жазды.

Пеле Мессинин бүтүндөй карьерасында бир клуб үчүн ойноп, ага берилгендигин жогору баалаарын билдирген.

Месси ишембиде Испания чемпионатынын 14-турунда каталондук клуб менен "Валенсия" беттешинде гол киргизди. Бул аргентиналык оюнчунун "Барселона" үчүн киргизген 643-голу болду. Пеле да Бразилиянын "Сантос" клубу үчүн ойноп, ушунча гол киргизген. Бул футбол тарыхында бир команданын курамында гол киргизген бомбардирлик рекорд болуп саналат.

"Футболчу өз командасына берилсе, ал жолдон кайтуу кыйын болот. Сен сыяктуу мен да жалгыз бир клуб үчүн ойноп, анын футболкасын күн сайын кийүү канчалык сүйкүмдүү экенин жакшы билем. Өзүңдү үйүңдөгүдөй сезе алган жерден артык эч кандай жай жок экенин айткым келет. Сени тарыхый рекордуң менен куттуктайм, Лионель!", — деп жазган Пеле Instagram баракчасына.

Пеле ошондой эле Мессинин "Барселонадагы" карьерасын өзгөчө белгилеп кеткен.

"Сен экөөбүзгө окшоп бир клубга берилип, анын курамында көп жыл бою ойногон учурлар футболдо, тилекке каршы, сейрек кездешүүдө. Мен сага суктанам, Лионель", — деген ал.

Пеле 1956-1974-жылдары "Сантос" клубунун намысын коргогон. Андан кийин америкалык "Нью-Йорк Космос" командасына эки сезон ойногон.

sputnik