Кыргызстанда Өзбекстандан айыл чарба азыктарын ташыгандардын базасы түзүлөт

17 декабря 2020 Кыргызстанда Өзбекстандан айыл чарба азыктарын ташыгандардын базасы түзүлөт

Тизме төрт багыт боюнча түзүлмөкчү. Токтогазиев кызыкдар болгон тараптарды ташып келүү жана сатуу шарттары боюнча маалыматтар менен бөлүшүүнү суранды.

КРдин Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги Өзбекстандан айыл чарба азыктарын алып келгендер боюнча маалыматтарды бир жерге топтоп, тизмесин түзүп жатат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев билдирди.

Маалыматтар топтомунда төмөнкү багыттар камтылган:

сүт жана сүт азыктары;

эт жана эт азыктары;

картошка;

акшак.

Токтогазиев кызыкдар болгон тараптарды ташып келүү жана сатуу шарттары боюнча маалыматтарын minselhozgovkg@gmail электрондук дарегине калтырууну суранды. Акыркы мөөнөт 18-декабрь экени айтылды.

sputnik