Аял маркум апасынан открытка алды

17 декабря 2020 Аял маркум апасынан открытка алды

Американын Янгстаун шаарынын жашоочусуна маркум энесинин 2015-жылы туулган күнүнө арнап жиберген каты келди, деп UPI басылмасы кабарлайт.

Катрина Джонс түшкү тыныгуу учурунда почтасын текшерип, башка каттардан өзгөчөлөнүп турган конвертти байкайт.

“Катта апамдын дареги көрсөтүлгөн. Мен кол жазманы карап, билдирүүнү анын өзү жазганын түшүндүм. Менин апам 2018-жылы каза болгон эле”, - дейт аял.

Почтанын маркасындагы күн 2015-жылдын 20-июну деп көрсөтүлгөн. Конвертте туулган күнүнө арналган открытка болгон. Джонс бул каттын эмне себептен узак убакыт бою келбегенине таң калган.