16 декабря 2020
Казакстанда өрт учурунда беш кызынан айрылган Ситерлердин үй-бүлөсүндө 11-декабрда уул бала дүйнөгө келди.
Кыздардын энеси Жанымгүл кош бойлуу кезинде бул жаңылыкты жашырып, эч кимге айткан эмес.
Өткөн жылы болгон өрт кырсыгы элдин баарын ыйлаткан болчу.
Эске салсак, 2019-жылдын 4-февралына караган түнү Казакстандын Сары-Арка аймагындагы Көктал-1 турак жай конушундагы жеке менчик үйдүн ичинен өрт чыгып, кичинекей үй өрттөнүп кеткен. Анда бир үйдүн 2006, 2009, 2014, 2016, 2018-жылы туулган беш кызы каза болгон.
Өрт чыккан учурда алардын ата-энеси жумушта болгон.