Москвада уулун сабаган кыргызстандык ата эркинен ажыратылды

15 декабря 2020 Москвада уулун сабаган кыргызстандык ата эркинен ажыратылды

Айыпталып жаткан жаран сотто күнөөсүн моюндап, судья менен уулунан кечирим сураган. Ал эки берене боюнча айыптуу деп табылган.

Москванын Кунцевский райондук соту өз уулун сабаган кыргызстандык Эмилбек Жунусовду 3,5 жылга жалпы режимдеги колонияга кести. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Апрель айында интернетке эркек киши кичинекей баланы уруп жаткан видео тарап, коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Кийин Ички иштер министрлиги ал жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну экенин аныктаган. Бул көрүнүш Москва шаарында 16-апрелде саат 11лер чамасында болгон. Аны телефонго аялы тартып алган да, алгач Ала-Букада жашаган атасына жөнөткөн. Ал киши туугандарына жиберип, андан кийин коомчулукка жайылып кеткен.

Sputnik Кыргызстан баласын урган киши менен байланышып, анын пикирин уккан. Ал журналистке окуянын кандай болгонун, баласына жакшы тарбия берем деген максаты болгонун айтып берген.

"Жаран "кыйноо" жана "өспүрүмдү тарбиялоодо милдеттерин аткарбоо" боюнча беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Кунцевский райондук сотунун чечими менен Эмилбек Жунусов 3,5 жылга эркинен ажыратылды", — деп айтылат маалыматта.

ЖМКлар Жунусов сотто күнөөсүн моюндап, судья менен уулунан кечирим сураган.

sputnik