Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши көз жумду

15 декабря 2020 Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши көз жумду

Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жалал-Абаддагы Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 14-декабрь күнү саат 19:54төр чамасында Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 110-чакырымында болгон. Анда Чаткал суусуна "Жигули" унаасы менен 37 жаштагы эркек киши түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

sputnik