Жыл башынан бери кайсы товар канча пайызга кымбаттады

15 декабря 2020 Жыл башынан бери кайсы товар канча пайызга кымбаттады

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында экспорттун көлөмү 4,7 пайызга көбөйсө, ал эми импорт, тескерисинче, 26,9 пайызга кыскарган.

Улуттук статистика комитети жыл башынан бери Кыргызстанда кайсы товарлар жана кызматтар канча пайызга кымбаттагандыгы тууралуу маалымат берди.

Кымбаттоолор:

азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар — 13,2 пайыз;

алкоголдук ичимдиктер жана тамеки — 6,2 пайыз;

калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 2,2 пайыз;

азык-түлүк эмес товарлар — 1,2 пайыз.

Мындай кымбаттоолорго кайсы факторлор себеп болгону көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын январь-октябрь айларында экспорттун көлөмү 4,7 пайызга көбөйсө, ал эми импорт, тескерисинче, 26,9 пайызга кыскарган.

sputnik