Кытайда бир үй-бүлө 12 жыл мурда каза болгон кызынын сөөгүн казып алып, “арбактарды үйлөнтүү тоюна” колукту катары 80 000 юанга сатышкан. Ата-эне өлүктү жол кырсыгынан каза болгон эркектин үй-бүлөсүнө соодалашкан.
Кытайлардын үйлөнө элек өлүккө үйлөнүү салты миңдеген жылдар мурда башталган. Уламыш боюнча, арбактар акыретте жалгыз болбойт жана артында калган туугандары ийгиликке жетет деп ишенишет.
Маркум аял 2008-жылы күйөөсү менен урушкандан кийин өзүнө кол салган. Кыздын ата-энеси салтанаттуу түрдө жерге берүү каадасын өткөрүп, табытына алтындан жасалган зер буюмдарын салууга көп каражат жумшаган.
23-ноябрда үй-бүлөлөр эркек менен аялды бирге көмүү каадасын өткөрүшкөн. Маркум аялдын күйөөсүнүн айтымында, аялдын ата-энеси кызынын үй-бүлөлүк мүрзөдөн өзүнчө көмүлгөнүнө нааразы болуп жүрүшкөн.