Зордукталган өспүрүм: прокуратура Соодонбековдун чечимин негизсиз деп эсептейт

14 декабря 2020 Зордукталган өспүрүм: прокуратура Соодонбековдун чечимин негизсиз деп эсептейт

Буга чейин Тартип комиссиясы Соодонбековдун ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн Башкы прокуратура, жактоочулар же ишке тиешеси бар башка жарандар тараптан даттануулар түшүшү керектигин айткан.

Тоң райондук прокуратурасы 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот өкүмүнө апелляциялык даттануу берет. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, көзөмөл орган судья Сабыр Соодонбековдун чечимин негизсиз деп эсептөөдө.

"Прокуратура соттолуучулардын бирин 20 жылга, экөөнү 15 жылдан кесүүнү сунуштаган. Бирок сот эки шектүүнү бошотуп, үчүнчүсүн 7,5 жылга гана соттоду. Эгер жогорку инстанция райондук соттун чечимин жокко чыгарып койсо, прокуратура Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына судья Сабыр Соодонбековдун ишин карап берүү боюнча сунуштама жөнөтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун чечимине нааразы болууда. Коомчулукка ал 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелген үч кишинин экөөнү актап ийгени түшүнүксүз болууда.

Буга чейин Тартип комиссиясы Соодонбековдун ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн Башкы прокуратура, жактоочулар же ишке тиешеси бар башка жарандар тараптан даттануулар түшүшү керектигин айткан.

sputnik