Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош облусунун издөөдө жүргөн 53 жаштагы тургуну С.Ш. колго түшүрүлгөн.
Кыргызстанда бир жаранды 2,35 миллион сомго алдап кетти деп шектелген адам Россиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, издөөдө жүргөн КР жараны, Ош облусунун 53 жаштагы тургуну С.Ш. колго түшүрүлгөн.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МВД КР
53 жаштагы тургуну С.Ш.
"Жогорудагы жаран 2015-жылы өзүнүн шериктери менен жабырлануучунун ишенимине кирип, банк ачуу шылтоосу менен акча алып, алдап качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 2 миллион 350 миң сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда издөөгө алган тарап, Кадамжай РИИБи шектүүнүн колго түшүрүлгөнү боюнча кабардар болду. Мыйзамга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.