14 декабря 2020
Кошуналары анын кыйкырган үнүн угушкан эмес. Окуя Башкырстанда болгон. Аял тосмодон ашып өтөм дегенде кийими тосмонун учтуу темирине илинип калган.
Маркумдун денесин таң атканда кошуналары көрүшөт. Алар окуянын түндө болгонун жана аялды эч ким байкабаганын айтышат. Орусиянын тергөө комитети азыркы учурда окуяны тергеп, текшерүүнү баштады. Алардын алдын ала божомолу боюнча, өлүмгө башка адам күнөөлүү эмес. Өлүктө зордук-зомбулуктун белгилери жок.