Илон Масктын кемеси сыноо учурунда жарылып кетти. Видео

10 декабря 2020 Илон Масктын кемеси сыноо учурунда жарылып кетти. Видео

SpaceX компаниясынын Starship аппаратынын прототиби Техаста сынамык иретинде учурулган кези видеого тартылып калган.

Кадрдан кеме асманга көтөрүлүп, туурасынан бурулуп, бирок кайра өз калыбына келүү менен жерге түшкөнүн көрүүгө болот. Конуу тилкесине түшкөн аппарат жарылып кеткен.

SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск кырсыкка карабастан сыноо ийгиликтүү өткөнүн айткан. Аппарат сыноо учурунда 15 чакырым бийиктикке көтөрүлүшү керек болчу.

sputnik