Аймакта 17-марттан бери сойкуканалар жабылып турат. Бирок массаж жана СПА-салондордун иши жанданган.
АКШнын эң кымбат сойкусу Элис Литтл иш жок болгондугуна байланыштуу Невада штатынын бийлигин сотко берди. Бул тууралуу Daily Star жазды.
Маалыматка караганда, аймакта 17-марттан бери сойкуканалар жабылып турат. Бирок массаж жана СПА-салондордун иши жанданган.
Арызданган аял Маунд-Хаус шаарындагы Moonlite BunnyRanch борделинде иштейт. Литтлдин өзүнүн айтымында, психолог, мамилелер боюнча машыктыруучу жана секс-эксперт болуп эмгектенет. Адистердин эсеби боюнча, Литтл өлкөдөгү эң кымбат секс-кызматкер, анын жылдык кирешеси миллион долларга жетет.
Америкалык аял өзүнүн арызында Невада бийлигинин шалаакылыгынан улам легалдуу секс-индустриясындагылар ишсиз калганын айткан.
"Мекемелердин бардыгы ачылды. Бир гана сойкуканалар ачылбай жатат. Бул мыйзамдуу секс-кызматкерлерге карата дискриминация", - деди Литтл.
Ал учурда ишсиз калгандыктан маркетинг жаатына өтүп кеткен. Ал OnlyFans аккаунту аркылуу онлайн жана оффлайн режиминде интимдик жолугушууларды өткөрүп, жан багып келет.