Эңилчек тоосундагы эки адамдын өлүмү: шектүү өз жанын кыйганы аныкталды

4 декабря 2020 Эңилчек тоосундагы эки адамдын өлүмү: шектүү өз жанын кыйганы аныкталды

Ысык-Көл облусунун Эңилчек тоолорунан табылган белгисиз адамдын сөөгү аңчылык лагеринде эки адамды өлтүрүүгө шектелген Сергей Смирнов экени тастыкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Эскерте кетсек, былтыр июль айында 29 жаштагы кызматкер "Хан-Теңири" аңчылык лагеринин жетекчисинин орун басары менен ошол жерде иштеген дагы бир кишини өлтүрүп, тоого жашырынып кеткен. Ал мамлекеттик издөөгө алынган болчу.

Тогуз айдан кийин аталган лагерден үч чакырым ары жактагы тоодон эркек кишинин сөөгү табылган. Кароо учурунда аскердик камуфляж менен сары түстөгү бут кийимдин бөлүктөрү, 25 огу бар "Вепрь" куралы алынган. Экспертизанын жыйынтыгында ал кылмышка шектүү Смирнов экени белгилүү болгон.

"Анын баш сөөгүндөгү мүнөздөмөгө караганда, өзүнүн жанын өзү кыйган", — деп айтылат маалыматта.

Смирнов окуя болгондон кийин ошол жердеги бир аялды барымтага алып, андан кийин аны кое берген. Өзү Түп айылындагы тоолордо жашырынып жүргөнү айтылып, издөөгө спецназ тартылган. Бирок табылган эмес.

sputnik