Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.
3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.
Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
Адахан Мадумаров — 39 856;
Аймен Касенов — 46 270;
Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
Бабыржан Төлбаев — 58 029;
Бактыбек Калмаматов — 35 300;
Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
Имамидин Ташов (саны белгисиз);
Канатбек Исаев (саны белгисиз);
Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
Клара Сооронкулова — 33 458;
Кубан Чороев — 39 053;
Курсан Асанов — 43 864;
Равшан Жээнбеков — 39 874;
Рашид Тагаев — 40 651;
Садыр Жапаров — 59 998;
Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
Эльдар Абакиров — 43 630.
Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.
Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.