Адистин айтымында, коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратат.
Эркектин тукум улоо органдарындагы ACE2 деп аталган рецепторлор организмге коронавирустун кирип кетишине көбүрөөк себепкер болот. Мындан улам COVID-19дан сакайгандан кийин эркектердин жыныстык жашоосунда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде эндокринолог Зухра Павлова билдирди.
"Коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратары байкалууда. Бир нече иликтөөлөрдүн жыйынтыгын карап көрсөк, коронавирустан айыккан соң эркектерде тестостерон гормонунун бөлүнүшүндө көйгөйлөр жаралат экен. Мындан улам алардын тукум улоо функцияларында түйшүк жаралышы ыктымал", — деди дарыгер.
Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Бул гормон жетиштүү кезде эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.
Ошондой эле тестостерон акыркы изилдөөлөр боюнча вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө маанилүү роль ойнойт. Анын деңгээлинин төмөн болушу респиратордук инфекция, сасык тумоо, сезгенүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана кан басымдын көтөрүлүшүнөн улам өлүм коркунучу жогорулашы мүмкүн экени айтылып келет.