Ошто тепкичтен автоунаа менен чыккан адам мурдагы милиционер экени такталды

26 ноября 2020 Ошто тепкичтен автоунаа менен чыккан адам мурдагы милиционер экени такталды

Рулда отурган жигит жанындагы жаңы автоунааны текшерип көрүү үчүн тепкич менен айдап, аны өзүлөрү видеого тарткан.

Ош шаарында мурунку милиция кызматкери жолтандабас унаасын текшерүү үчүн тепкичтен чыккан. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы Рысбай Абдыкадыров көчөсүндө катталган.

Бүгүн эртең менен социалдык тармактарда адамдар түшүп-чыгууга ылайыкталган тепкичтен машинасын айдап чыккан эки жигиттин видеосу тараган. Рулда отурган жигит жанындагы адамдын жаңы алган унаасын текшерип көрүү үчүн тепкичке салып, аны өзүлөрү видеого тарткан.

Тепкичтердин четтери талкаланганына байланыштуу Ош шаардык мэриясы бул жарандардын үстүнөн милицияга арыз жазган.

Сыдыков руль башкарган 33 жаштагы шаар тургуну мурда Ош облусундагы милиция бөлүмдөрүнүн биринде иштегени аныкталганын билдирди. Ал Jeep Grand Cherokee үлгүсүндөгү автоунааны айдаган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бузуулар кодексинин 124-беренеси ("Авто ээнбаштык") боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

sputnik