Өкмөт той жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди

26 ноября 2020 Өкмөт той жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди

Мындан ары жергиликтүү бийлик башчылары эпидемиологиялык кырдаалга жараша өз алдынча чечим кабыл алат.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө коомдук иш-чараларды өткөрүүгө 1-декабрдан тарта расмий түрдө уруксат берет. Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кийинки айдан тарта экономикалык чектөөлөр жөнүндөгү өкмөттүн 17-октябрдагы токтому күчүн жоготот.

Ал документте төмөнкү жайлардын иштөөсүнө чектөө коюлган:

Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскертүү иш-чараларына;

Көңүл ачуучу жана оюн-зоок мекемелерине;

Соода борборундагы оюн зонасына;

Кинотеатрларга;

Интернет-клубдарга;

Коомдук тамактануучу жайларда 50 адамдан көп отурууга.

Ошондой эле Сурабалдиева мындан ары ар бир регион жана облустун бийлик башчылары эпидемиологиялык кырдаалга жараша өз алдынча чектөө же уруксат берүү боюнча чечим кабыл аларын эскертти.

sputnik