Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады

26 ноября 2020 Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады

Кылмышкерлер ишкерди коркутуу максатында Бишкектин четине чакырышкан. УКМК учурда эки шектүүнү кармап, калгандарын издеп жатат.

Ишкерди коркутуп, соода түйүнүн тартып алууга аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 25-ноябрь күнү 32 жаштагы Э.Т. жана Э.К. кармалган.

"Колго түшкөн жарандар 2020-жылдын сентябрь айында жеке ишкерди коркутуп, Бишкектеги соода комплекстердин бириндеги түйүнүн тартып алууга аракет жасашкан. Ошондой эле ишкерди шаар четине чыгарып дагы коркутушкан", — деп айтылат маалыматта.

Фак Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда УКМК аталган фактыга тийиштиги бар башка шектүүлөрдү издеп жатат.

sputnik