Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат

26 ноября 2020 Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат

Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Ал бир гана боордош элге эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө таасир берген инсан.

Бишкек шаарында Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, маданият министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолуккан.

Анда тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашканы айтылат. Өз кезегинде Нурпеисов жакын арада Кыргызстанда Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, маданият министрине борбордун ачылыш аземин бирге уюштурууну сунуштаган.

Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Бир гана боордош элдин эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө өзгөчө таасир берген инсан 1845-жылы 10-августта туулган. Кунанбаевдин эң негизги чыгармасы — 45 философиялык ойдон жана кыска уламыштардан турган "Кара сөздөр" эмгеги.

Маданий борбор качан жана кайда ачылары тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.


sputnik