Өкмөт аткаруу бийлигинин ишиндеги көйгөйлөрдү ар тараптуу изилдөөнү көздөп жатат. Ошондуктан элден сунуштарды күтөт.
Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды күтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Учурда премьер-министрдин ушул жылдын 6-ноябрдагы буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы тарабынан мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп жана талдап чыгуу боюнча иштер улантылууда.
Өкмөт жарандык коом өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана көз карандысыз эксперттерди мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча өз сунуштарын берүүгө чакырат.
Сунуштарды y.bedash@mail.gov.kg же ukaev@mail.gov.kg электрондук почталарына жөнөтүүгө болот. Мындан сырткары, төмөнкү байланыш телефондор көрсөтүлгөн: (0-312) 96-01-73 же 96-01-76.