Жаштардын чачы эмнеге эрте агарат? 6 себеп

25 ноября 2020 Жаштардын чачы эмнеге эрте агарат? 6 себеп

Адистер чачты күндөн сактап, көчөгө чыгарда баш кийим кийүү зарыл экенин айтып фенди көп колдонбоону сунушташкан.

Чачка ак адатта жаш өткөндө, организмдеги өзгөрүүлөрдөн кийин түшөт. Бирок чачтарын жаш кезинде эле ак баскандар бар. Себептери жана аны менен күрөшүү жолдору тууралуу макаланы РИА Новости Milliet басылмасына таянып жарыялады.

Басылма белгилегендей, жаш кезде чачты ак баскандын негизги себептеринин бири — организмде B12 витамининин жетишсиздиги. Организм аталган витаминге муктаж болгондо чач түшүшү ыктымал.

Ошондой эле калкан безинде көйгөй жаралган учурда да чачты ак эрте басышы мүмкүн. Калкан без жакшы иштебей калганда чач агарып, сынып же майлуу боло баштайт.

Milliet басылмасы жазгандай, туура эмес тамактануудан дагы чач тез агарат. Чачтын абалына ферритин, кальций, D витамини, жез, цинк жана темирдин аздыгы таасир этет.

"Адамдын дайыма стресс жана кыжалат болушу пигментация үчүн жооп берген клеткаларга таасир этип, жыйынтыгында айрымдардын чачын жаш кезинде эле ак басып кетет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул дарт тукум куушу ыктымал. Кокус ата-эне же туугандарынын биринин чачына эрте ак түшсө, ал баласына да өтүшү мүмкүн. Адистер зыяндуу химиялык каражаттарды көп колдонуу чачка сөзсүз терс таасирин тийгизерин белгилешкен.

Басылмада жазылгандай, чачты эрте куракта эле ак баса баштаса, анда тамак рационуна жумуртка, уйдун, балыктын этин кошуу керек. Себеби бул азыктарда B12 витамини көп. Мындан сырткары, күн сайын капуста, бадам, брокколи жеп, сабиздин ширесин ичүү сунушталды.

Ошондой эле адистер чачты күндөн сактап, көчөгө чыгарда баш кийим кийүү зарыл экенин айтып, фенди көп колдонбоого чакырган.

sputnik