Өкмөт жаңы жыл алдындагы жамааттык кечелерге бөгөт коюуга ниеттенип жатат

25 ноября 2020 Өкмөт жаңы жыл алдындагы жамааттык кечелерге бөгөт коюуга ниеттенип жатат

Бийлик жаңы жылдык кечелерге чектөөлөрдү киргизүү же толугу менен токтотуу тууралуу маселени кароодо.

Өкмөт жамааттык жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салышы мүмкүн.

Бул маселени карап чыгуу сунушун вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Республикалык штабга киргизди. Чоо-жайы азырынча белгисиз, бирок кеп чектөөлөрдү киргизүү же толугу менен кечелерди токтотуу тууралуу болуп жатканы айтылат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавируска 70 366 адам кабылды. Анын ичинен 61 593 бейтап сакайып, 1 241и каза болду.

sputnik