Сооронкулованын айымында, 268 адамга өтө кыска мөөнөттө мунапыс берилген. Мыйзамда белгиленген процедуралар боюнча бул такыр мүмкүн эмес.
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан маалда мунапыс берип абактан бошоткон 268 адамдын тизмеси ачык жарыяланышы керек. Бул туурасында президенттикке талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 268 адамга өтө кыска мөөнөттө мунапыс берилген. Мыйзамда белгиленген процедуралар боюнча бул такыр мүмкүн эмес. Себеби тийиштүү талаптар менен этаптардан өтүшү керек.
"Президенттин алдындагы Ырайым берүү комиссиясынын курамына коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Демек коомчулук кимге мунапыс берилип жатканын билиши керек. Андыктан биз кимдер бошонуп чыкканын ачык жарыяланышын талап кылабыз. Балким арасында зордуктагандар, адам өлтүргөндөр бар чыгар. Өзүнө ыңгайлуу учурда ырайым кылуу укугу эч кимге берилген эмес", — деди Сооронкулова.
Мындан сырткары, экономикалык мунапыс берилгендердин аты-жөнүн ачык айтууну талап кылды. Бандиттик жолго түшпөй, аларды жоопкерчиликке тартып, мүлктөрүн конфискациялоо талабын койду.