Кочкордо жылкы сүзүп кырсыктаган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду

24 ноября 2020 Кочкордо жылкы сүзүп кырсыктаган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду

Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган. Кырсыктан дагы үч кишинин жабыркаганы айтылат.

Нарындын Кочкор районунда жылкыны сүзүп кырсыкка кабылган автоунаадагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган.

"Кочкор районундагы Төлөк айылында 23-ноябрь күнү саат 22:10до Nexia унаасынын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан 19 жаштагы бир кыз каза болуп, 27, 23 жана 21 жаштардагы үч эркек адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

sputnik