Маршруткада сөгүнүп, тебинген аялдын үстүнөн айдоочу милицияга кайрылды

24 ноября 2020 Маршруткада сөгүнүп, тебинген аялдын үстүнөн айдоочу милицияга кайрылды

Мэрия окуя №193 маршрутта катталганын тастыктады. Айдоочу милицияга арыз менен кайрылууну чечкен.

Бүгүн Бишкектеги маршруткалардын биринде болгон окуя боюнча айдоочу Свердлов райондук милициясына арыз жазды. Бул кабарды Бишкек мэриясынын маалымат кызматы тастыктады.

Буга чейин соцтармактарда жүрүп бара жаткан маршруткада айдоочу менен бир нече жүргүнчүнүн ортосунда чыр чыккан окуянын видеосу тараган. Анда жүргүнчү аял айдоочуну сөгүп, бир канча жолу тепкен.

Мэрия окуя №193 маршрутта катталганын тастыктап, Шаардык транспорт башкармалыгынын териштирүүсүнөн кийин маалым болгон айрым жагдайлар тууралуу билдирди.

Айдоочунун айтымында, жүргүнчү аял унаа өтө жай жүрүп жатат деп чыр салган.

Мэрияга айдоочудан салондогу жүргүнчүлөрдүн баарынын жол киресин кайтарып берүү талап кылынганы айтылган. Ал талап аткарылбаган соң ал аял өз алдынча эле акчаны алып, айдоочуну бир нече ирет уруп-тепкен. Мэрия ошондой эле жол акыны кайтарып берүүнү талап кылган дагы бир жүргүнчү чырга аралашканын белгиледи.

Муниципалитет унаа жүрүп бара жатканда кырсык болуп кетпеши үчүн коомдук транспорттун айдоочусуна тоскоолдук кылууга тыюу салынарын эскертти.

sputnik