Министр Тилек Токтогазиев ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу кооптуулугу жаралып жатканын белгилеген.
Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Мындай аракеттер азык-түлүк коопсуздугу боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруу жана айыл чарба продукциясынын бааларын жөнгө салуу максатында жасалып жатканы айтылат.
"Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алып, тез арада чечүү зарыл. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар", — деди министр Токтогазиев.
Убактылуу тыюу салууга сунушталган айыл чарба продукцияларынын тизмеси:
Тирүү жылкы;
Ири мүйүздүү тирүү мал;
Тирүү койлор жана эчкилер;
Тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар;
Буудай;
Арпа;
Жүгөрү;
Күрүч;
Буудай уну;
Өсүмдүк майы;
Кумшекер;
Тоок жумурткасы;
Йоддолгон туз;
Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми).
Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет. Азырынча ал кол коё элек.