20 ноября 2020
Үч талапкердин соттуулугу жоюла электигине байланыштуу документтери кайтарылса, тогуз киши мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттен өтө албай калган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттигине ат салышуу ниетин билдирген 12 талапкерге документтерин кайтарып берди.
Чечим БШКнын жыйынында кабыл алынган. Соттуулугу жоюлбаган үч кишинин талапкерлиги алып салынды. Алар:
Кубанычбек Кадыров;
Бектур Асанов;
Нурлан Мотуев.
Ал эми мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерген "Кыргызтесттин" сертификатын көрсөтпөгөн дагы 9 кишиге документи кайтарылды. Алар:
Анар Зарипова;
Анаркүл Араева;
Тынчтык Акжолтоев;
Юлия Лилиенталь;
Елена Клипачева;
Султан Ажиматов;
Куттумидин Базаркулов.