Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) компаниясы 2020-жылдын үчүнчү чейрегиндеги иштин жыйынтыктарын чыгарышты. 2020-жылдын тогуз айында “Кумтөрдɵ” 465 734 унция 1 же 14 485,95 кг алтын өндүрүлгөн. Жылдын башынан бери компания 10,21 миллиард сомдон ашык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.
КР Жогорку Кеңешине быйылкы жылдын октябрь айынын башында өткөрүлгөн шайлоолордон кийинки болгон социалдык-саясий туруксуздукка карабастан, “Кумтөр” кенинде иш кадимки режимде уланууда. Тоо-кен иштери жана алтын өндүрүү мурда белгиленген ыргакта жүрүп, продукцияларды пландуу өндүрүү иштери туруктуу аткарылууда. Кенге товардык-материалдык ресурстарды жеткирүүнүн бардык байланышында эч кандай үзгүлтүк катталган жок, буга ылайык чек аралар товарларды жүгүртүү үчүн ачык болуп, бажы кызматтары өзүнүн кадимки режиминде иштөөдө.
Бизге жакшы белгилүү болгондой, “Центеррага” Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген компаниялар менен катар эле мүлктүк зыян келтирилген жана алардын айрымдары 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоолордон кийин болгон митингдерге байланыштуу өзүнүн өндүрүштүк ишин токтотушкан. Кеңселер, кендин өзү эч кандай финансылык-материалдык жоготууларга учурабаса дагы, “Центерра” жана “Кумтөр” компаниялары окуялардан тышкары калбай ишин уланта берет. Компания кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салып, өз кызматкерлеринин жана кен объектилеринин коопсуздугун камсыздоо максатында зарыл болгон сактык чараларын көрүүдө. “Центерра” жана “Кумтөр” мындан ары да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мамлекеттик мекемелери менен кендин үзгүлтүксүз өндүрүштүк ишин камсыздоо максатында тыгыз кызматташат.
COVID-19га байланыштуу кырдаал
“Кумтөр” кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Мурда кабарлангандай, компания Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекция жана башка оорулардан улам эмгек жамааттын айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканын белгилеген. Булардын кесепетинен июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлгөн эмес, бирок сентябрь айында компания толук түрдө ишин уланта баштады. Өткөн чейректин ичинде фабрика штаттык режимде иштеди жана кендин кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүү боюнча пландуу көрөткүчтөрүн аткара алат деп күтүлүүдө.
Бирок 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны кескин көбөйүп кеткенин белгилеп коюу керек, бул жагдай кендин өндүрүштүк пландарына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
2020-жылдын 1-сентябрында «Кумтор Голд Компани» («Кумтөр») компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 78,468,300 сом (КРУБ 01.09.20-ж. расмий курсу боюнча 1 миллион АКШ долларынын эквиваленти) которду. Бул республиканын дарылоо мекемелерин оңдоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн каражат бөлдү.
“Кумтөр” кени боюнча техникалык отчет жөнүндө
Компания “Кумтөр” кенин пайдалануунун мөөнөтүн узартуу планы боюнча, анын ичинде кырдаалды, тоо-кен иштеринин өздүк наркын, өзгөчө 2019-жылдын декабрь айындагы Лысый суусуна жакын тоо-тек үймөгүндөгү болгон өлүмгө дуушар кылган кырсыктарды талдап, мындан аркы техникалык иш-чараларды ишке ашырууну улантат. Техникалык иштер аяктаганда, Компания “Кумтөр” кени боюнча жаңы техникалык отчетту чыгарууну болжоодо. Анын арасында, Кыргыз Республикасындагы окуялардын өнүгүшүнө көңүл буруп, “Кумтөр” кенине мындан аркы инвестицияларды салууга байланыштуу тобокелдиктерди талдоодо.
Продукцияларды өндүрүү жана сатып өткөрүү
2020-жылдын үчүнчү чейрегинде “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнүн көлөмү 140 182 алтын унциясын, ал эми 2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 150 305 унцияны түзгөн. Өндүрүлгөн көлөмдүн төмөндөшү, ириде фабрикага жеткирлүүчү рудада алтындын курамы азыраак, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун коэффициентинин төмөндөшүнө байланышкан. 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде фабрикага 80,3% ылгоо көлөмүндөгү 3,48 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,78 г/т жана 84,8%ды түзгөн.
2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 142 132 унция, же 4 829,34 кг алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 268,2 млн долларды 2 түздү.
2020-жылдын башынан бери алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 465 734 унция, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде ал 451 679 унцияны түзгөн. Белгиленген өсүш, ириде фабриканын өндүрүмдүүлүгүнүн, рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку көлөмүнө, ошондой эле курамында алтын бар көмүртек бөлүктөрүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын өндүрүүнүн жогорулашына байланышкан. Көрсөтүлгөн өсүш бир жагынан алтын курамы аз кендерден алтын ылгап алуу менен теңделген. 2020-жылдын тогуз айында кен фабрикасына жеткирилүүчү алтындын курамы орточо 82,8% алтын ылгоо көлөмүндөгү 3,65 г/т түзгөн, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,66 г/т жана 83,0% түзгөн.
2020-жылдын тогуз айында 472 572 унция, же 14 698,63 кг алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын тогуз айында 803,5 млн долларды 2 түздү.
“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААК тарабынан сатылып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКы ээ.
Тоо иштерин жүргүзүү
2020-жылдын июль айында “Кумтөр” Лысый суусунун жанындагы өрөөнүндү тоо-тек үймөгүн жайгаштыруучу жай катары мындан ары пайдаланууга уруксат алды. Жакынкы эки жылда Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгү № 20 иш зонасына жакындыгынан улам кендин негизги үймөгү болот. Жаңы план боюнча Лысый суу өрөөнүнө бош тек үймөгүн жайгаштыруу каралууда, бул башында өрөөндөгү тоо этегине жайгаштырылат жана бош тек үймөгү өрөөндүн жантайышы боюнча жогору төгүлөт, бул алгачкы убактарда текти ташуунун каттамын бир нече узартат.
2020-жылдын үчүнчү чейрегинде “Кумтөрдө” № 20 иш зонасында кыртыш ачуу жана музду башка жакка жайгаштыруу иштери улантылды. Тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 17,9 млн тоннаны түздү, бул мурунку жылдын ошол эле мезгилинде 38,7 млн тоннаны түзгөн. Көрсөтүлгөн кыскаруу Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгүнүн Борбордук өрөөнгө көчүрүлгөнүнөн улам жайгашкан жери өзгөргөндүгүнө байланыштуу ташуулардын каттамы узарганына, ошондой эле жумушчу күчтөрдүн санынын кыскарган себеби боюнча техникаларды пайдалануу коэффициентинин төмөндөшүнө байланыштуу. 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде ылгап алынган 17,9 млн тонна № 20 иш зонанын келечеги үчүн ишке ашуучу бош тек кыртышын ачуу түрүндө капиталдыштырылды.
Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде тоннага кайра эсептегенде 1,76 долларды түздү, ошол эле көрсөткүч 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде 1,32 долларды түзгөн. Тоо иштеринин өздүк наркынын өсүшү биринчи кезекте тоо иштеринин көлөмүнүн кыскарышына байланыштуу, бирок дизель майына тарифтердин төмөндөшү жана алмашуучу валюталык курстун жакшы динамикасы менен аз-аздап компенсацияланды. 31,6 млн долларды түзгөн тоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын жалпы суммасынан, 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 29,4 млн доллар капиталдаштырылды, 2019-жылдын ушул эле үчүнчү чейрегинде цифра 51,1 млн долларды түзүп, алардын ичинен 18,9 млн доллар капиталдаштырылды.
Фабрикалык жумшоолорго чыгымдар 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 10,97 млн долларды түздү, ошол эле көрсөткүч өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде 12.32 млн долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кыскаруу биринчи кезекте 2019-жылдын үчүнчү чейрегиндеги фабриканын пландуу токтогонуна байланыштуу, ушуга окшош токтоп калуу 2020-жылы төртүнчү чейрекке жылдырылган. Андан тышкары, көрсөтүлгөн төмөндөөгө чет өлкөлүк валютанын алмашуу курсунун жагымдуу динамикасы жана фабрикалык кайра иштетүү көлөмүнүн көбөйүшү дагы оң таасир тийгизди. Бирок бул негизинен көмүрдүн майдасын кайра иштетүү менен алектенген подряддык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдардын өсүшү, натыйжада анын контракттык тарифтеринин жогорулашы менен теңделген.
2020-жылдын үчүнчү чейрегиндеги сатылган продукциянын унциясына кайра эсептегенде өндүрүштүк чыгымдар 326 долларды түздү, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде 404 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кыскартуу ириде тоннага кайра эсептегенде фабрикалык кайра иштетүүгө чыгымдардын кыскарышы, ошондой эле Кумтөрдөгү руданы ылгап алуунун азыркы көлөмүнүн кескин азайышы менен байланыштуу, бул кыртыш ачуу жана калыбына келтирүүгө таандык капиталдаштырылган чыгымдардын өсүшүнө алып келди.
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор. Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде (дүң киреше салыгын кошпогондо), 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 639 долларды түздү, өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде болсо 626 долларды түзгөн. Белгиленген көбөйүү негизинен сатылган продукциянын көлөмүнүн төмөндөшүнө жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну жогорулашына (негизги көңүл № 20 иш зонасындагы кыртыш ачуу иштерине бөлүнгөндүктөн) байланышкан.
2020-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч дүң киреше салыгын кошкондо бир унцияга 905 доллар болду, өткөн жылдын ушул эле чейрегинде 832 долларды түзгөн.
Геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү
2020-жылдагы бургулоо иштеринин программасы 55 миң метр чалгындоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын кароодо, алар приоритеттүү жана перспективалуу жерлерге топтоштурулган. Иш зоналар биринчи кезекте 2018-2019-жылдарда алынган геологиялык моделдөө жана бургулоонун оң натыйжаларын пайдалануу менен өзүнө борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр карьерлеринде жайгашкан аймактарды камтыйт. 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде чалгындоо-бургулоо иштеринин программасын аткаруунун алкагында жалпы узундугу 11 412 метр алмаз менен бургуланган 45 скважина жана кайра жууп тазалоо менен 11 скважина иштелген. Бургулоо иштеринин башкы милдети болуп сульфиддик (карьердин борбордук участогу – түндүк борт) жана борбордук жана түштүк-батыш карьердин (“Үмүт”, Үч бурчтук” иш зонасы жана түштүк-батыш оксиддин зона) ортосундагы Сарытөр карьеринин чет жактарындагы жолду, түндүк-чыгыш аймактарын жана Муздусуу жакты (кендин борбордук участогунда) текшерүү эсептелет. Геологиялык чалгындоо иштеринин мүмкүн болгон көлөмү жөнүндө маалыматтар 2020-жылдын күзүндө даярдала турган “Кумтөр” кени боюнча акыркы техникалык отчетко киргизилет.
“Кумтөрдүн” негизги өндүрштүк жана финансылык жыйынтыктары 5
(Башкасы көрсөтүлбөсө, млн АКШ доллары менен) 3 |
Чейректин аягы, 30-сентябрга |
Тогуз айдын аягы, 30-сентябрга |
|||||
|
2020 |
2019 |
% Өзгөрүү |
2020 |
2019 |
% Өзгөрүү |
|
Финансыдагы негизгилер: |
|
|
|
|
|
|
|
Киреше |
|
286,2 |
234,5 |
14% |
803,5 |
627,0 |
28% |
Өндүрүштүк чыгашалар |
|
46,3 |
64,7 |
(28%) |
152,5 |
179,0 |
(15%) |
Активдердин эскирүүсү, начардануусу жана амортизациясы |
|
52,5 |
50,1 |
5% |
170,9 |
134,7 |
27% |
Өндүрүштүк акчалай агым |
|
169,4 |
119,7 |
42% |
473,4 |
313,3 |
51% |
Жүгүртүү капиталдагы өзгөрүүлөргө чейинки өндүрүштүк акчалай агым4 |
|
174,9 |
119,9 |
46% |
506,7 |
335,6 |
51% |
|
|
|
|
|
|
|
|
Өндүрүштөгү негизгилер: |
|
|
|
|
|
|
|
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) |
|
17 927 |
38 731 |
(54%) |
61 001 |
127 874 |
(52%) |
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) |
|
5 |
4 748 |
(100%) |
590 |
9 255 |
(94%) |
Рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) |
|
1,22 |
3,08 |
(61%) |
7,66 |
2,43 |
215% |
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) |
|
1 590 |
1 496 |
6% |
4 760 |
4 647 |
2% |
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) |
|
3,48 |
3,78 |
(8%) |
3,65 |
3,66 |
(0%) |
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 6 |
|
80,3% |
84,8% |
(5%) |
82,8% |
83,0% |
(0%) |
Тоо-кен иштерине жумшоолор (тоннасына USD) |
|
1,76 |
1,32 |
34% |
1,72 |
1,21 |
42% |
Фабрикалык кайра иштетүүгө жумшоолор (тоннасына USD) |
|
10,97 |
12,32 |
(11%) |
11,01 |
11,57 |
(5%) |
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) |
|
140 182 |
150 305 |
(7%) |
465 734 |
451 679 |
3% |
Өндүрүлгөн алтын (тонна менен) |
|
4 360,15 |
4 675,01 |
(7%) |
14 485,95 |
14 048,79 |
3% |
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) |
|
142 132 |
160 088 |
(11%) |
472 572 |
463 663 |
2% |
Сатып өткөрүлгөн алтын (тонна менен) |
|
4 420,80 |
4 979,29 |
(11%) |
14 698,63 |
14 421, 53 |
2% |
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы4 (унциясына USD) |
$ |
1 887 |
1 464 |
29% |
1 700 |
1 352 |
26% |
Өндүрүштү колдоого капиталдык жумшоолор (млн USD) |
|
9,7 |
10,5 |
7% |
42,7 |
30,8 |
39% |
Өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолор (млн USD) |
|
3,4 |
6,6 |
(49%) |
7,4 |
13,1 |
(44%) |
Кыртыш ачуу иштерине капиталдык жумшоолор (нак акча) |
|
29,4 |
18,9 |
56% |
94,4 |
48,3 |
95% |
Кыртыш ачуу иштерине капиталдык жумшоолор (нак эмес акча) |
|
9,1 |
4,7 |
93% |
29,6 |
13,7 |
116% |
Капиталдык жумшоолор (жалпы) |
|
51,6 |
40,8 |
27% |
174,2 |
106,0 |
64% |
|
|
|
|
|
|
|
|
Бир даана өндүрүм чыгымдары: |
|
|
|
|
|
|
|
Сатылган алтындын унциясына карата өндүрүштүк жумшоолор |
$ |
326 |
404 |
(19%) |
323 |
386 |
(16%) |
Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор 4 (унциясына USD) |
$ |
639 |
626 |
2% |
661 |
581 |
14% |
Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо 4 (унциясына USD) |
$ |
905 |
832 |
9% |
901 |
771 |
17% |
1 - Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 - Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 - Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 –Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2020-жылдын 4-ноябрындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат
5 – Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» 2020-жылдын 4-ноябрындагы пресс-релизине негизделген.
6 – металлургиялык ылгап алуулар өндүрүлгөн алтынга эмес ылгап алынган алтынга негизделген.
Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү төгүмдөр
2020-жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 10,21 миллиард сомдон ашты.
2020-жылдын 30-сентябрына
Төлөмдүн түрү (АКШ доллары менен) |
2020-ж. I чейреги |
2020-ж. II чейреги |
2020-ж. III чейреги |
Дүң кирешеге салык |
16 181 004 |
37 600 713 |
33 802 415 |
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым |
2 279 527 |
2 892 363 |
2 600 186 |
Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна төлөм |
9 911 811 |
1 156 945 |
6 040 074 |
Экологиялык төлөм |
310 000 |
- |
- |
Бардыгы |
28 682 342 |
41 650 021 |
42 442 675 |
Чейректин соңундагы АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу |
80,8100 |
75,9887 |
79,6000 |
Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен |
2 317 820 |
3 164 931 |
3 378 437 |
Эскертме: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.
Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна тɵлɵмдɵр Кыргыз Республикасынын Өкмɵтү, «Центерра Голд Инк» жана КГК ортосунда 2017-жылдын 11- сентябрда түзүлгɵн Стратегиялык келишимине ылайык жана 2019-жылдын 7-августунда каралган Кошумча тɵлɵмдɵрдү эске алуу менен жүргүзүлɵт.
2020-жылдын 30-сентябрына
Төлөмдүн түрү (кыргыз сому менен) |
2020-ж. I чейреги |
2020-ж. II чейреги |
2020-ж. III чейреги |
Кызматкерлердин кирешесине салык |
80 421 670 |
80 754 907 |
61 070 684 |
КР Социалдык фондуна төлөмдөр |
395 248 617 |
363 157 719 |
287 528 714 |
Бажы төлөмдөрү |
6 262 000 |
6 306 000 |
7 498 678 |
Резидент эместердин кирешесине салык |
6 161 109 |
16 178 339 |
3 326 086 |
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар |
12 614 470 |
11 787 319 |
14 343 685 |
Бардыгы |
500 707 866 |
478 184 284 |
373 767 847 |
Комментарий
“Центерранын” Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри 2020-жылдын үчүнчү чейрегине: “Биз өзүбүздүн бардык ишканаларда COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүнү улантуудабыз. Андан тышкары, биз Кыргыз Республикасындагы саясий окуялардын өнүгүшүнө кылдат көз салып, Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого аракет кылуудабыз.
«Кумтөр» менен «Маунт Миллиган» ушул чейректе мыкты өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишти. Биз үчүн «Өксүт» кенинин өндүрүштүк көрсөткүчтөрү дагы кошумча кол кабыш болуп, аталган ишкана бардык көрсөткүчтөр боюнча: өндүрүштүн жогорку деңгээлин, чыгымдардын төмөнкү деңгээлин жана ак каражаттарынын агымынын өндүрүшүндө мыкты ийгиликтерди көрсөтүүдө.
Биз “Кумтөр” кени боюнча техникалык отчетту иштеп чыгууну улантуудабыз: бул кендин пайдалануу мөөнөтүн узартуу планына тоо-кен иштеринин өндүрүшүнө карата чыгымдарга тиешелүү кошумча бөлүмдөр, кенден алтынды ылгап алуу коэффициенттери жана бош тек үймөктөрүнүн туруктуулугу боюнча маалыматтар киргизилет” – деп комментарий берди.
Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан “Кумтөр” кени Борбор Азиядагы эң ири алтын кенин казуучу ишканалардын бири болуп эсептелет. Ал 1997-жылдан бери иштейт жана 2020-жылдын 30-сентябрына карата 13,1 млн унция алтын өндүрүлгөн.
«Кумтөр Голд Компани» «Кумтөр» долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу.
«Центерра Голд» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кен өндүрүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчүлөрдүн бири. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар, жана үчүнчү болуп Түркияда Өксүт кени. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.
Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн - 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2020-жылдын 16-ноябрына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 713 553 969 долларды түздү.
«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.