Көбү Бишкекте. Бир суткада 422 кишиден коронавирус чыкты

19 ноября 2020 Көбү Бишкекте. Бир суткада 422 кишиден коронавирус чыкты

Бир сутка ичинде Баткенде үч, Чүйдө эки, Бишкек шаарынан үч жана Ысык-Көлдөн эки медик оору илештирип алган.

Өткөн суткада коронавирус 422 кишиден табылды. Ошол эле маалда 516 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге ылайык, коронавирус жуктургандардын көбү, тагыраагы, 130у Бишкектен.

Жуктургандар:

Бишкек – 130;

Ош – 22;

Чүй облусу – 93;

Ош облусу – 45;

Талас облусу – 20;

Нарын облусу – 16;

Ысык-Көл облусу – 51;

Жалал-Абад облусу – 24;

Баткен облусу – 21.

Айыккандар:

Бишкек – 168;

Ош шаары – 10;

Чүй облусу – 78;

Ош облусу – 49;

Талас облусу – 16;

Нарын облусу – 8;

Ысык-Көл облусу – 45;

Жалал-Абад облусу – 50;

Баткен облусу – 92.

Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 68 316га жетти. Анын ичинен 59 362си айыкса, 1 217 бейтап көз жумду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен Баткенде үчөө, Чүйдө экөө, Бишкек шаарынан үч жана Ысык-Көлдөн эки медиктин оору илештирип алганы айтылды.

Бир суткада стационардан беш, үй карантининен эки медик айыгып чыгарылган.

sputnik