Министрлик: студенттер Бельгияда стипендиялык программа менен окуй алышат

19 ноября 2020 Министрлик: студенттер Бельгияда стипендиялык программа менен окуй алышат

Министрлик 2021-2022-окуу жылында тапшыра алчу магистрдик программаларды тизмектеп, алардын расмий сайттарын жарыялаган.

Кыргызстандык студенттер Бельгия Королдугунда стипендиялык программа боюнча билим ала алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлик 2021-2022-окуу жылында тапшыра алчу магистрдик программаларды тизмектеп, алардын расмий сайттарын жарыялаган. Алар:

Жер кыртышы жана глобалдык өзгөрүүлөр (IMSOGLO): https://imsoglo.eu;

Ресурстарды туруктуу жана инновациялык башкаруу (SINReM): https://sinrem.eu;

Аквамаданиятта ден соолукту көзөмөлдөө (AquaH): www.ugent.be;

Айыл жерин өнүктүрүү: www.imrd.ugent.be.

"Ар бир программа боюнча көрсөтүлгөн сайттарга кирип, керектүү маалыматтар менен таанышып, жол-жобосун биле аласыздар", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик магистрдик программаларга Кыргызстандын бардык жарандары тапшыра аларын кошумчалады.

sputnik