Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорт ала баштайт

18 ноября 2020 Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорт ала баштайт

УКМКдан билдиришкендей, эгер эски келишим ишке ашып кеткенде калк үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорттун баасы 585 сомдон болмок.

Кыргызстан жакынкы күндөрү ICAO PKD маалымат базасына кошулат. Андан соң жарандарга жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бул өз учурунда кыргызстандыктардын чет өлкөгө кирүүсүн жеңилдетерин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомстводон кабарлашкандай, Кыргызстанда биометрикалык паспорттордун жоктугунан улам 2020-жылдын 31-январында АКШ кыргызстандыктарга иммиграциялык виза жана грин-карта берүүгө чектөө киргизген.

"Үстүбүздөгү жылдын соңунда Мамлекеттик каттоо кызматы менен Muhlbauer ID Services GmbH немец компаниясынын ортосундагы келишимге ылайык, биометрикалык паспорттордун жаңы муундагы бланкаларынын биринчи партиясы келет. Бир бланканын баасы 407 сом", — дешти комитеттен.

Маалыматка караганда, коррупция фактысы жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери бланкаларды жогорулатылган баада сатып алуу максатында 2019-жылы өткөргөн тендердин айынан биометрикалык паспортторду ишке киргизүү кечеңдеп калган.

Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында Мамкаттоонун мурдагы жетекчилик кызматтагы адамдары жасаган коррупциялык факты аныкталган. Алар тендерде аброю шек жараткан компанияны жеңүүчү катары тапканы кабарланды.

Эгер ал келишим ишке ашып кеткенде калк үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорттун баасы 585 сомдон болмок. Ал эми 1,5 миллион бланканы сатып алуудагы айырма 253 миллион сомду түзмөк.

"Электрондук биометрикалык паспорттор ишке кирсе АКШнын биздин жарандарга киргизген чектөөлөрүн кайра карап чыгуусуна шарт түзүлөт. Бул боюнча АКШнын КРдеги элчиси Дональд лу дагы айткан", — дешти УКМКдан. 

ICAO PKD (International Civil Aviation Organization Public Key Directory) — Жарандык авиация эл аралык уюмунун директориясы. Ал бийликке электрондук паспорт чындап эле ээсине тийиштүү экенин тастыктап берүүгө шарт түзөт. Учурда анын маалымат базасын 75 мамлекет колдонот.

sputnik