12 ноября 2020
Комитеттен билдиришкендей, акыркы учурда социалдык тармактарда УКМК кызматкерлери тууралуу чагымчылдык жаратчу маалыматтар тарап жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "ведомствонун кызматкерлери Нарын облусунда балдарды коркутуп, уурдап кетип жатат" деген малыматты четке какты.
Маалымат кызматынан билдиришкендей, акыркы учурда социалдык тармактарда УКМК кызматкерлери тууралуу чындыкка туура келбеген кабарлар тарап жатат.
"УКМК эч качан жашы жете элек балдарды өзүнүн ыкчам иликтөө иш-чараларына пайдаланбайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда комитет туура эмес маалымат тараткан жарандарды издеп жатат.