Кечээ кечинде Баткен менен Ош облустарында жер титиреди

11 ноября 2020 Кечээ кечинде Баткен менен Ош облустарында жер титиреди

Жердин силкингени Баткен облусунун Кан, Зардалы, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындарында сезилген.

Кечээ, 10-ноябрда саат 20:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Ал эми Баткен облусунун Кан, Зардалы айылдарында 3 балл, Баткен шаарында жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

sputnik