ТЭЦ тарапта спринтер түркүктү сүзүп, 18деги айдоочусу мүрт кетти.

5 ноября 2020 ТЭЦ тарапта спринтер түркүктү сүзүп, 18деги айдоочусу мүрт кетти.

Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, электр карагайын сүзгөн. Каргашадан өзү каза таап, жанындагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

Бишкекте Mercedes-Benz үлгүсүндөгү кичи автобусту айдап бараткан 18 жаштагы бала түркүктү сүзүп каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, айдоочу бүгүн Шабдан баатыр проспектиндеги ТЭЦ жакта кетип бара жатканда рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, электр карагайын сүзгөн.

Бензовоз менен кагышкан мотоциклчен киши каза болду. Кырсыктан кийинки видео

Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы айдоочу каза таап, жанындагы 19 жаштагы улан жаракат алган.

Куткаруучулар сөөктү автоунаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды Тез жардам ооруканага жеткирген. Жалпысынан буга беш куткаруучу тартылган.


sputnik