Бийлик тайганды ЮНЕСКОнун деңгээлинде коргоого алууну пландап жатат

29 октября 2020 Бийлик тайганды ЮНЕСКОнун деңгээлинде коргоого алууну пландап жатат

Долбоордун максаты иттин тайган тукумун коргоо жана сактоо болуп саналат. Документ коомдук талкууга коюлду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иттин тайган тукумун ЮНЕСКОнун деңгээлинде коргоого алууга чакырды.

Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун максаты иттин тайган тукумун коргоону күчөтүү жана сактоо болуп саналат. Ошону менен бирге аны "КРдин материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегине" кошуу көздөлгөн.

"Учурда тайган оор абалда турат. Бул тукумду таптакыр жоготуп албаш үчүн коргоого алышыбыз керек", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Тайган — Кыргызстандын тоолуу шартында калыптанып байыр алган Борбордук Азиядагы байыркы аңчы иттин тукуму. Негизинен республикабыздын Тянь-Шань аймагында көп кездешет. Ошондой эле ал деңиз деңгээлинен 2-4 миң бийиктиктеги жерде аңчылыкка жарай турганы айтылат.

sputnik