Бишкек шаардык мэриянын имаратынын алдына Нариман Түлеевдин шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор чогулду.
Имарат алдына чогулгандардын айрымдары мэриянын ичине кирип, Түлеев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышты. Бирок андан жыйынтык чыккан жок.
Мэриянын алдына 100дөй киши чогулган.
Чогулгандардын көбү Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешет.
"Мэрдин милдетин аткара турчу адамды шаардык кеңеш же Садыр Жапаров дайындашы керек.
Эгер Түлеев шаарга жардам бергиси келсе, анда коомдук башталгычтагы кеңешчи боло берсин", — дешти чогулгандар.
Бир нече мүнөт мурда Түлеев чогулгандар менен жолугуп, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго кездеше турганын билдирди. Ал өзүнүн дарегине айтылып жаткан сын-пикирдин баарын уккан.
Түлеевдин тарапташтары нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.