Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты

15 октября 2020 Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу митингчилердин алдына чыгып сүйлөгөн өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

"Президенттин жана премьер-министрдин ыйгарым укуктары мага өттү", — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрь күнү, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын жар салган. Мыйзам боюнча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, милдетти аркалоо премьер-министрге жүктөлөт.

Ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин таркатылышын талап кылган митинг өтүүдө.

sputnik