Элдик кошуундун мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияга кеткен жолду торошту. Видео

7 октября 2020 Элдик кошуундун мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияга кеткен жолду торошту. Видео

Бишкектеги элдик кошуун "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына кеткен жолду тосуп турушат.

sputnik . Видео

Токомбаев (Түштүк магистраль) менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилиши жабылды. Элдик кошуундун өкүлдөрү унааларды мамлекеттик резиденция тарапка өткөрбөй жатат. Бул арада топ адамдар Айтматов проспектиси менен ошол тарапты көздөй багыт алды.

Күбөлөрдүн интернетке жарыялаган видеолорунан мамлекеттик номери жок унаалар проспекти менен түштүк тарапты көздөй баратканын көрүүгө болот.

sputnik. Видео 2

Айрым кыргызстандыктар болсо элдик кошуундун өкүлдөрүн колдоп, аларга ысык тамак, чай ташып жатышат. Алар Бишкек мэриясынын имаратын жана башка объектилерди кайтарышууда.

sputnik. Видео 3

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтында митингчилер калган жок.

sputnik