6 октября 2020
Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында премьер-министр кылып Садыр Жапаровду шайлады.
Жаңы эле парламентке төрага болгон Мыктыбек Абдылдаев Жапаров сот тарабынан акталганын билдирип, аны кызматка отурушу менен куттуктады.
Жыйынга келген 62 депутат Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти.
Эске салсак, бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Достук” мейманканасына чогулуп, кезексиз сессиясын башташты. Анда жаңы шайланган төрага Мыктыбек Абдылдаев Кубатбек Боронов премьерликтен кетүү боюнча жазган арызын көрсөттү.